Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн эл аралык резерви 268,6 млн долларга көбөйдү

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 428 | 0

2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2 424,1 млн долларды түзүп, 2019-жылдын башына салыштырмалуу 268,6 млн долларга же 12,5% көбөйгөн. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эл аралык резервдердин курамына алтындагы активдер, карыз алуу атайын укуктары жана чет элдик валюталар портфели кирет.

Валюталык портфель төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: АКШ долларын, еврону, Швейцария франктарын, Англиянын фунттарын, Австралия жана Канада долларларын, Япония йенин, Орусия рублин, Кытай юанын, Сингапур долларын, ошондой эле Норвегиянын кронун.

Copyright © 2017 Maral FM