Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып келинген төрт унаа аныкталды

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 549 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын Аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 4 автоунааны аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Алар “Мерседес-Бенц Е280”, “Мерседес-Бенц S-Class”, “Тайота –Лендкрузер-200” жана “Мазда CX-5” унаалары болгон.

Бул факты боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 5 млрд 609 миң 591 сомду түзөт.

Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM