Биз менен байланышыңыз

Сабырбек Жумабеков: Дастанбек парламентте көп иштерди жасап жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2020 | 2300 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламентте көп жакшы иштерди жасап жаткандыгын агасы ортопед-травматолог Сабырбек Жумабеков “Марал” радиосуна берген маегинде айтты. Анын айтымында, төрага Кыргызстандын машстабында жана өзү шайланган Талас облусунда мектеп, бала бакчаларды салдырып, суу чыгартып, жол курдуруп жатат.

-Ал тууралуу Таластын эли өзү айтып берет. Таластан сырткары Нарын аймагында да көп иштерди жасады.  Дастан өзү кичи пейил, жөнөкөй жигит, үн чыгарбай иштей берет. Өзүңөр көрүп жатасыңар, парламентте ызы-чуу жок, ар бир депутат менен тил табышып иштеп жатат. Бирөөнү урушкан, кемсинткен, басынткан жок. Душмандар, кара ниет адамдар гана анын атын булгап жатат. Орустар айткандай, ит үрө берет, кербен жүрө берет. Мен Дастанга жолукканда дайыма дем берип, «Эл үчүн иштей бер. Элдин эсинде майда-чүйдө нерселер менен эмес, кабыл алган мыйзамдарың менен каласың», — деп айтып турам.

Ал эми жеке өзү жалпы парламентке сын айтпай турганын, алар эл тарабынан шайланганын эске салды.

Кошумчалай кетсек, Дастанбек Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM