Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин кызы мамлекеттик кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 1508 | 0

Өзбекстандын президенттик администрациясына караштуу Маалымат жана байланыш агенттигинин директору Комил Алламжонов менен анын орун басары Саида Мирзиёева өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишти. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, 29-январда президенттик администрациянын башчысы катышкан жыйында Комил Алламжонов менен Саида Мирзиёева кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, жеке тармакта иштөө пландарын билдиришкен.

Ал эми агенттиктин башчылыгына буга чейин директордун ордун басары болуп иштеп келген Дилшод Саиджанов дайындалды.

Комил Алламжонов Маалымат жана байланыш агенттигин 2019-жылдын февралынан бери жетектеп келген. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы директордун орун басары кызматына ошол эле жылы апрелде дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM