Биз менен байланышыңыз

«Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар кыргыз жарандыгынан ажыратылбашы керек»

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 2761 | 0

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар кыргыз жарандыгынан ажыратылбашы керек. Алар кыргыз паспортун да сактап, аны толук кандуу пайдалануусу-мыйзамдуу. Өкмөттүн бул демилгесин чакыртып алуусун талап кылабыз. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Жакында 23-январда Юстиция министрлиги «Кыргызстандын жарандыгы жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды коомдук талкууга алып чыкты. 26-берененин 4-бөлүгүндө «Кыргызстандын жарандары башка өлкөнүн жарандыгын алган учурда, Кыргызстандын жарандыгын жоготот» деп турат. Эгерде бул мыйзам кабыл алынчу болсо, эмгек миграциясында жүргөн мигранттарга өтө терс таасирин тийгизет. Алар кыргыз жарандыгын жоготот» , — деди Акаев.

Жанар Акаев билдиргендей, бул сыртта иштеп жүргөн жарандарды жээрип, мекенинен куугандай таасир калтырат. Орусиянын Ички иштер министрлигинин 2017-жылга карата маалыматы боюнча Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 553 миң 198. Буга кошумча акыркы 2 жылда дагы 18 миң 164 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын кабыл алышкан. Орусиянын паспортун алган учурда дагы Кыргызстандын паспортун колдонуу бул- толук мыйзамдуу.

Орусияда эмгектенген мигрантардан 2018-жылы 2 млрд. 685 млн доллар акча которулган. 2019-жылдын биринчи жарымында 1 млрд. 351 млн доллар акча которуулар келип түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM