Биз менен байланышыңыз

Журналисттерге атайын чабуул күч алды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 414 | 0

2019-жылы дүйнө боюнча жалпы 49 журналист кесибинин курмандыгы болгон. Андан сырткары, 389 ЖМК өкүлү абакта жатат. Журналисттик кесип кооптуу бойдон калууда. Ошентсе да, бул көрсөткүч 16 жылдан берки эң аз көрсөткүч болуп катталды.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму 1995-жылдан бери журналисттерге болгон мамилеге байкоо салып келет. 1-январдан 1-декабрга тарта аралыктагы журналисттин кызматтын айынан өлүмгө кабылган учурларын жыл сайын көрсөткүч менен чыгарып келет.

Андагы маалымат боюнча, 49 журналисттин өлүмү 2003-жылдан берки эң аз көрсөткүч. Тарыхый төмөн көрсөткүчтүн болушуна согуш аймагындагы журналисттердин өлүмүнүн азайышы себеп болду.

Ооганстан, Сирия жана Йемен өлкөлөрүндөгү конфликтти чагылдыруу учурундагы журналисттердин өлүмү 2018-жылга салыштырмалуу өткөн жылы 2 эсеге кыскарган. Бул 3 өлкөдөгү өлтүрүлгөн журналисттердин саны 2019-жылы 17ге жетти. Ал эми андан мурдагы жылы 34тү түзгөн болчу.

Бул, албетте, согуш аймагындагы кабарчылардын өлүмүнүн санынын азайганын көрсөтүп турат, бирок журналисттерге болгон кысым мурдагы бойдон экенин, жадакалса, күч алганын белгилебей коюуга болбойт. Маселен, Мексикада 2019-жылы 10 журналист кызматынын курмандыгы болду. Андан мурдагы жылы да ушундай болгон. Жалпы 14 ЖМК кызматкеринин өлүмү менен Латын Америкасы журналисттер үчүн согуш аймагындагыдай эле кооптуу зона экени көрүнүп турат.

Журналисттердин өлүмүнө байкоо салсак, алардын согуш аймагында өлгөнгө караганда, 60 пайызы тынчтык болгон өлкөлөрдө эле, атайылап жок кылынган. Мурдагы жылкыга салыштырмалуу журналисттерге жасалган чабуулдар, атайылап өлтүрүү 2 пайызга өскөн.

Согуш жүрүп жаткан аймактардагы ЖМК өкүлдөрүнүн өлүмү азайганы менен, журналисттерге карата кысымдар, аларга жасалган атайын чабуулдар күч алды.

Буга далил катары кармалган журналисттердин санынын өскөндүгүн айтсак болот. Учурда дүйнө боюнча 400дөй журналист түрмөдө жатат. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп. Туткундагы журналисттердин жарымы эле Кытай, Египет жана Сауд Аравия өлкөлөрүндө. Уйгур азчылыгына көзөмөлдү күчөткөн Кытайда дүйнө боюнча камактагы журналисттердин 3төн бири бар.

Учурда дүйнө жүзү боюнча 234 кесипкөй журналист, 131 жарандык журналист, 14 активист жана медиажардамчылар абакта кармалып турат.

2018-жылы жалпы 53 журналист өлтүрүлгөн. 2019-жылы болсо жалпы 49 корреспондент кесибинин айынан өлүмгө туш болгон.

Жаңы, 2020-жылдагы эсеп боюнча 3 кабарчы кызмат учурунда каза болду. Алардын баары Иракта катталды.

Copyright © 2017 Maral FM