Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Аткезчилик менен күрөшүүнү системалуу деңгээлге чыгарабыз

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 484 | 0

Биз аткезчилик менен күрөшүүнү системалуу деңгээлге чыгарабыз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу системасын киргизүү боюнча бардык даярдык иш-чаралары 2019-жылы дээрлик бүткөн. Ал чек аралардан жүктөрдү алып өтүүдө онлайн көзөмөл, оор салмактагы жүктөрдү көзөмөлдөөнүн электрондук системасы киргизилгенин белгиледи. Анын натыйжасында 2019-жылдын 9 айынын ичинде ЕАЭБден импорттоодон кыйыр салыктын көлөмү 890 млн сомго көбөйдү, буга чейин бул көрсөткүч дайыма 500 млн сомго чейин пландан ылдый болуп келген. Кытай менен чектешкен өткөрүү пункттарына инспекциялык-текшерүү комплекстери орнотулду.

Премьер-министр фискалдаштыруу системасынын бардык компоненттери өз ара интеграцияланарын жана толук кандуу ишке киргизилерин белгиледи.

«Кыргызстандын аймагында товарлардын жүрүшүн толук көзөмөлгө алуу үчүн «электрондук эсеп-фактуралар» бирдиктүү виртуалдык кампага киргизилет. Товарлардын, жумуштун жана кызматтардын Бирдиктүү классификаторун киргизүү – товарлардын жүрүшүн жана позициялар боюнча сатылуусун көзөмөлдөөгө жол ачат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, товарларды электрондук декларациялоого, алыстан туруп бажылык тариздөөгө жана жүктөрдү электрондук система аркылуу бажы жагынан жол-жоболоштуруудан өткөрүү – өлкөнүн бажы органындагы коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүүгө алып келет.

Бул ошондой эле жарандардын бажы кызматынын ишине болгон ишенимин арттырат.

Copyright © 2017 Maral FM