Биз менен байланышыңыз

Мас абалында унаа башкарган судья кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 1091 | 0

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын 2020-жылдын 27-январындагы чечими менен Жогорку сотунун төрайымынын сунушу канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы  Э.М. Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

5-январда өлкөнүн маалымат булактарында “Судья корпоративден кийин  жол кырсыгына кабылды» деген маалымат тасмасы менен кошо жарыяланган. Анда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманованын аракеттери КР судьясынын Ар-намыс кодексиндеги судьянын аброюна жана кадыр-баркына шек  келтирери көрсөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 5-1 статьясына ылайык, судья Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек  келтирген нерселерден алыс болушу керек экендиги жазылган.

Буга байланыштуу, Жогорку соттун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жолдогон.  Бул чечимдин негизинде президентке аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында өтүнүч жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM