Биз менен байланышыңыз

Конституциялык палатанын жаңы судьясы жамаатка тааныштырылды

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 462 | 0

Конституциялык палатанын жаңы тандалган судьясы Карыбек Дүйшеев жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Судьяны жамаатка Президенттик Аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев тааныштырып, жаңы ишине ийгиликтерди каалаган.

Ал өлкөнүн Конституциялык палатасынын судьялыгына 20-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан тандалган.

Карыбек Дүйшеев 1961-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.

Укук жаатындагы бир катар кызматтарда эмгектенген, анын катарында, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору болгон. Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын чини бар.

Copyright © 2017 Maral FM