Биз менен байланышыңыз

Президент: Өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоодо Конституциялык палатанын орду өзгөчө

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 456 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда, Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнүн алдында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Конституциялык палатанын төрагасын жана бардык кыргызстандыктарды алдыдагы майрамы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын мамлекеттин турмушунун туруктуулугун камсыздоодогу өзгөчө ордун белгиледи. Президент Кыргызстанда адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндигин коргоо, конституциялык көзөмөл жүргүзүү боюнча мындан аркы иштерге ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын алдында турган негизги пландар менен жакын арадагы милдеттер, анын ичинде санариптештирүү жана материалдык-техникалык камсыздоону өркүндөтүү боюнча айтып берди.

Ошондой эле, ал Мамлекет башчысына өзгөчө абал шарттарында Конституциялык палатанын судьялары менен Аппаратынын аралыктан иштөө режиминин уюштурулушу тууралуу маалымат берди.

Copyright © 2017 Maral FM