Биз менен байланышыңыз

Куанбек Киргизбаев Конституциялык палатанын судьясы кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 542 | 0

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Куанбек Киргизбаев кызматтан бошотулду. Жаш курагынын келип калганына байланыштуу аны кызмат ордунан бошотууга бүгүн Жогорку Кеңеш макулдугун берди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, судьялардын жаш курагынын чеги – 70 жаш.

Куанбек Киргизбаев 1949-жылы Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айылында туулган.

2019-жылдын 1-июлунан тарта Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп иштеп турган.

Copyright © 2017 Maral FM