Биз менен байланышыңыз

Конституциялык палатанын 70 жаштагы судьясы Курмантай Абдиев ардактуу эс алууга кетти

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 668 | 0

Бүгүн, 1-октябрда Конституциялык палатанын судьясы Курмантай Абдиев кызматынан бошотулуп, ардактуу эс алууга узатылды. Ал бүгүн 70 жашка чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Салтанатта Курмантай Абдиевдин мындай жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматтан жаш куракка байланыштуу кетүүсү чоң жетишкендик экенин белгиленди.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитети парламентке президенттин Конституциялык палатанын судьясы Курмантай Абдиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунуштамасын кароого жөнөттү.

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, өлкө башчыга Судьялар кеңешинен Абдиевди жаш курагына байланыштуу кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама түшкөн.

Бүгүн, 1-октябрда Курмантай Абдиев 70 жашка чыкты. Ал Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болуп, 2015-жылы 7 жылга Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM