Биз менен байланышыңыз

Чек араларда санитардык көзөмөл күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 423 | 0

Азыркы учурда Кытайдын, Орусиянын жана Американын илимпоздору Кытайда пайда болгон жаңы вирус боюнча вакцина иштеп табуу боюнча активдүү иштеп жатышат, бирок вакцина таба элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 50дөн ашык адам аталган оорудан айыкты деп айтып жатышат. Бүгүнкү күндө бардык чек араларда санитардык көзөмөл күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бүгүнтөн баштап 24 саат боюнча оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берүүчү телефондор иштейт. Алар 32 30 55 жана 32 32 02. Ошондой эле, 3,5 млн маска сакталып турат. 500 медициналык кызматкер атайын окуудан өтүштү, — деди Чолпонбаев.

Мындан сырткары, Кыргызстанда 13 тепловизор бар экендигин, алар эл көп кирип чыккан чек араларга коюлгандыгын жана Кыргызстанда аталган вирустун катталбангандыгын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM