Биз менен байланышыңыз

Бразилияда суу ташкынынан каза болгондордун саны 57ден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 520 | 0

Бразилиянын түштүгүндө катталган суу ташкынынан бери дегенде 57 адам каза болду. Алардын 48и табигый кырсыктын очогу болгон Минас-Жерайс аймагында апаат болушкан.

Расмий маалыматтарга караганда, дагы 19 адам дайынсыз жоголууда.

110 жылдан бери рекорд жаратып тынымсыз жааган жаандан улам, бийлик Минас-Жейрас штатынын 99 шаарына өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM