Биз менен байланышыңыз

Челябинскиде ЖТКда каза болгондор Ош облусунун тургундары экени аныкталды

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 612 | 0

Орусиянын Челябинск облусунда жол транспорт кырсыгынан (ЖТК) каза болгон кыргызстандык 3 жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Екатеринбургдагы башкы консулдугунан бүгүн билдиришти.

Көз жумган мекендештерибиздин өздүгүн туугандары аныктаган. Алар Челябинск шаарында убактылуу жашап жана иштеген Ош облусунун тургундары болуп чыкты.

Маалыматтарга караганда, бүгүн, 24-январда Орусиянын тиешелүү мамлекеттик кызматтары тарабынан «Жүк-200» жиберүү боюнча документтерди даярдоо иши бүттү.

Мекендештер жана диаспоралардын жардамы менен алардын сөөгү жакынкы аба каттамы менен Кыргызстанга жиберилет.

Окуя 22-январда саат 20:00 чамасында Челябинск облусундагы Троиц муниципалдык районунун Карсы айылына жакын аймакта болгон. Анда “Хонда Стрим” менен “КамАЗ” унаалары кагышкан.

Copyright © 2017 Maral FM