Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун жаңы түрүнөн сактануу үчүн Кыргызстан кандай аракеттерди көрүүдө?

Саламаттык сактоо министрлиги Кытай Республикасынын Хубей провинциясынын Ухань шаарындагы жаңы коронавирус оорусунун катталуусу жана Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлүп, аба майданында Кытайдан келген жүргүнчүлөр тепловизордун жардамы менен текшерилип жатат. Саламаттык сактоо мекемелеринин башкы дарыгерлерине алдын алуу жана оорулуу кайрылса, эрте тактоо үчүн санитардык көрсөтмөлөр жөнөтүлдү. Вирусологиялык лабораториялар убагында катталган вирустун түрүн тактап берүүсү үчүн реактивдер, тест-системалар сатылып алынды.


Кыргызстанда коронавирусту жуктурган учурлар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдагы жаңы коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалды эске алып, калк арасында эпидемияга каршы жана алдын-алуу иш чараларын күчөттү. Курч вирустук оорулардан сактануу жөнүндө калкка 45 миң маалымат баракчалары таркатылды. Медициналык кызматкерлер окутуудан өттү. Бул тууралуу министрликтин Оорулардын профилактикасы департаментинин эпидемиялогиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, ит, мышык ж.б. жаныбарлардын арасында жайылган коронавирустун 39 түрү бар.

-Алардын 6 түрү адамдын ден соолугуна коркунуч жаратат. Декабрь айынын аягында вирустун жаңы түрү чыкканы тууралуу белгилүү болгондо профилактикалык жана даярдык иштери жүргүзүлдү. Дарыгерлер илдетти аныктоо, керек болгон учурда изоляция кылуу боюнча тийиштүү медициналык жардамдарды берүүгө даяр, бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Коомчулукту маалымат менен камсыздоо багытында да активдүү иштер жүрүп жатат. 

Кытай менен мамлекеттик чек ара кесилиштеринде санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Учурда вирус боюнча кырдаалга байкоо салуу үчүн оперативдүү штаб түзүлдү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, оорунун симптомдору сасык тумоонун белгилерине да окшоп кетет. Илдетти жуктургандардын дене табы кескин көтөрүлөт. Бейтапта жөтөл пайда болот. Андан сырткары, дем алуусу кыйындайт.


Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?


Оорулууларды эрте аныктап дарылап жана изоляция жасоо үчүн Кытайдан келген жарандарды респиратордук инфекциялардын биринчи белгилерине сурамжылоо жүргүзүлүп жатат. Калк арасында, анын ичинен өлкөгө киргендер жана жаңы коронавирус катталган өлкөлөргө чыккандарга маалымат берүү иштери күчөтүлүп жана респиратордук вирустук инфекциялардын белгилери пайда болгондо медициналык жардам алууга кайрылып, дарыгерге республикадан чет жакка чыккандыгы тууралуу маалымат берүүсү зарыл экени эскертилүүдө. Министрлик жарандарга Кытайга, өзгөчө Ухань шаарына боло турган иш сапарларын жылдырууну сунуштайт. 

Маалыматка ылайык, курч вирустук оорулардын деңгээлин азайтуу үчүн сасык тумоого каршы 150 миңден ашык вакцина сатып алынып, тобокел топко кирген жарандарды эмдөө үчүн жер–жерлерге таркатылып берилген.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, Бишкекте коронавирус жуктуруп алган учурлар аныкталса, оорукана бейтаптарды кабыл алууга даяр. Ал үчүн тийиштүү медициналык каражаттар, дары-дармек жетиштүү.

Учурда ооруканада үч палата даярдалды. Кокус илдетти жуктургандар аныкталса, биз аларды башкалардан четте кармашыбыз керек. Ошондой эле бейтаптарды ташуу үчүн бокс-камераларды алдык. Учурда ал вирусту дарылоо кадимки КРВИ же сасык тумоодой эле жүргүзүлөт.

Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү каттамы боюнча жумасына 6 жүргүнчү рейс каттайт. Апта ичинде кытай тараптан 450 жүргүнчү келген. Текшерүү учурунда алардын арасында дене табы көтөрүлгөн жүргүнчүлөр катталган эмес. Учурда эл аралык «Манас» аэропортунда 4 тепловизор иштеп жатканын Мамлекеттик эпидемиологиялык транспорт көзөмөл борборунун башкы дарыгери Зинат Бейшебаева кабарлады.

— Биздин дарыгерлер учак конору менен рейске кирип, борт өткөрүүчүлөрдөн декларацияны кабыл алышат. Жүргүнчүлөрдү текшеришет. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кытай-кыргыз чек арасы жабылган. Анын ачылышы 2-февралга пландалган. Бирок ага чейин Кытайда коронавирус менен жабыркагандардын саны өсө турган болсо, өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрилиги өз иш-чараларын жүргүзөт. 


Кытайдан эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди


Кошумчалай кетсек, жугуштуу оору катталган учурда, очогунда  иштөөгө медициналык кызматкерлерге жеке коопсуздукту сактоо үчүн 1 жарым миңге жакын кийимдер сатылып алынып, таркатылып берилди.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Бахар

    27.01.2020 21:52

    Убактылуу кытай-бишкек учак каттамын жаап туруш керек болчу бизде коррупция доллардын башын коргозсо киргизе беришет

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM