Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунаа кармалды

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 203 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 432 миң 088 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM