Ички иштер министрлигинин (ИИМ) наркозаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жасалма акчаларды алып жүргөн эки жаранды колго түшүрдү.
Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, эки жаран 2 миң сомдук купюрадагы жасалма акчаларды алып жүрүшкөн.
— Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 2 миң сом купюрасындагы 50 даана жасалма акча алынган. Факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул кылмышка тиешеси бар дагы башка шектүүлөрдү аныктоо аракети жүрүп жатат, — деп айтылат билдирүүдө.