Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн ыйгарым укуктары жарандык коргонуу жаатына ылайык келтирилет

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 479 | 0

Жогорку Кеңеште Өкмөттүн ыйгарым укуктарын жарандык коргонуу жаатына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттар тобу тарабынан демилгеленген.

Демилгечилердин бири Закир Шараповдун айтымында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесине ылайык, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары суу ташкындарын, сел агымдарын коопсуз өткөрүү, кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү, жер көчкү жараяндарынын кооптулугун азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо иштери үчүн жүргүзүлөт.

Ошондон улам, Өкмөттүн жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктарын калктуу конуштарды жана тиричиликти камсыз кылуучу обьектилерди коргоо боюнча атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү менен толуктоо сунушталууда, — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM