Биз менен байланышыңыз

Грецияда алгач ирет аял президент шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 581 | 0

Грецияда президент катары Екатерина Сакелларопулу шайланды. Ал буга чейин өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы болуп келген.

Мындай өзгөрүү менен Грецияда алгач ирет аял президент болмокчу. Добуш берүү парламентте кайрадан уланмакчы. Учурда 300 депутаттын эки жүзү Сакелларопулуну колдоп добуш берди. Мыйзам ылайык, бул добуш президент болуп дайындалууга жеткиликтүу болуп саналат.

Грецияда президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Учурдагы президент Прокопис Павлопулостун мөөнөтү 13-мартта аяктайт. Грецияда президенттин укуктары чектелүү. Негизги бийлик премьер-министрге таандык.

«Жаңы президент» Екатерина Сакелларопулунун талапкерлигин өкмөт башчы Кириакос Мицотакис сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM