Биз менен байланышыңыз

Кытайда пневмониянын жаңы түрү менен ооруп өлгөндөрдүн саны 9га жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 664 | 0

Кытайда пневмониянын жаңы түрү менен ооруп өлгөндөрдүн саны тогузга жетти. Бул тууралуу КЭРдин Тазалык жана Саламаттык сактоо министри Ли Бинь шаршемби күнү эртең менен билдирип:

-Оорунун кесептинен кайтыш болгондордун саны тогузга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 440 киши болду… Биз илдетин алдын алуу боюнча активдүү чараларды көрүп жатабыз, — деди.

Мурдагы маалыматта короновирус менен ооруп калгандар 324 киши болгон. Өлкөнүн 14 аймаганда катталып, 6 кишинин өлгөндүгү айтылган.


Кытайдагы жаңы вирус кандай белгилерге ээ?


Медиктердин айтмында, короновирус жөтөл, тамак оору, көкүрөктүн кысылуусу сыяктуу белгилерге ээ. Ошондой эле бир канча күнгө созулган баш оору, чыйрыгуу да болушу мүмкүн. Өзгөчө, иммунитети алсыз жаш балдар жана кары кишилердин бул вирусту жугузуп алуу ыктымалдуулугу көбүрөөк болууда. Ооруну жуктуруп алгандарда пневмония жана бронхитттин белгилери байкалат.

Copyright © 2017 Maral FM