Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 437 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-январда саат 19:27де Кытайдын аймагында очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл жана Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, саат 02:18де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Copyright © 2017 Maral FM