Биз менен байланышыңыз

Омар: Он алты миң сом айыппул төлөдүм

Көңүл ачуу , Марал шоу | 19 Янв 2020 | 1204 | 0

Заманыбыздын мыкты ырчы мырзасы Омар «Маралшоу» программабыздын кезектеги коногу болду.

— Саламатсызбы, Омар мырза, сизди көргөнүбүзгө кубанычтабыз.

-Саламатсыздарбы, жалпы кыргыз элиме салам айтам.

— Сизде жакшы жаңылык бар экен. Москва шаарында өткөн концертиңиз тууралуу айтсаңыз?

-Концертке келген мекендештер ыраазычылыгын бүгүнкү күнгө чейин айтып жатышат. Гүлнур Сатылганова, Арсен, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов аттуу күчтүү ырчылар менен биргеликте барып келдик. Мен дагы колдон келишинче жакшы даярданып баргам. Эң кызыгы, негизи концерттериме буга чейин жаштар көп келген болсо, бул жолу улуу муундар көп болушту. Мурунку концерттерден айырмасы, уюштуруучулар абдан жакшы жыйынтык көрсөттү. Элдин көңүлүн алууга аракет кылдык. Эки сааттык концертибиз төрт саатка уланды. Табылган каражаттан да, элдин ыраазычылыгы көбүрөөк сүйүндүрөт.

— 2020-жылды гастроль менен баштаган экенсиз. Алдыда дагы кандай пландар бар?

-Жакынкы аралыкта үй-бүлөбүз менен эс алууга чет өлкөгө барууну пландап жатабыз. Жазында Кореяга гастролго барышым мүмкүн. Азырынча пландар ушул. Калганын көрө жатарбыз.

— Жыл жаңырышы менен жол эрежесин бузууга айып пулдун бири төмөндөп, бири көтөрүлдү. Дегеле буга сиздин көз карашыңыз кандай? Буга чейин канча айып пул төлөдүңүз?

-Жакында эле автоунаамды саттым. Сатарда айыппулун төлөш керек экен. 50 пайыз менен 16 миң сом төлөдүм. Айрым адамдар үчүн 30 миң берип коюу жеңил, айрымдары үчүн 3 миң сом — маянасынын жарымы. Ошондуктан, негизи бул маселени кандай чечиш керектиги айта албайм.

— Азыркы учурда маданият тармагына кандай көңүл бурулууда? Алсак, чет өлкөлөрдөгүдөй, олуттуу кинолор тартылбайт? Мамлекет маданиятка канчалык деңгээлде колдоо көрсөтүүдө?

-Мамлекет мамлекеттик иш-чараларга колдоо көрсөтөт. Учурда ар ким өз арабасын өзү тартып жүрөт. Бул нерсенин бардыгы каражатка келип такалат. Биздин маданият тармагы, анын ичинен кино жааты өнүгүүдө. Ар бир режиссер өзүнүн чөнтөгүнөн чыгарып, чамасы келе турган кинолорду жаратып жатышат. Аларга таазим кылабыз.  Элдин аң-сезими көтөрүлмөйүнчө, эч нерсе оңолбойт. Олуттуу, тарыхый, драма жанрындагы тасмалар көп бааланбайт. Мисалы, бизде театр, балетке баргандар дээрлик жок. Бул жалпы биздин деңгээлибизден кабар берет.

— Коомдо ар кандай, үрөй учурган, жаман көрүнүштөр болууда. Аял менен эркектин ортосундагы мамилени кантип жакшыртса болот?

-Ар бир үй-бүлө өзүнчө бир мамлекет. Ар бир адамдын көйгөйү ар кандай. Канткенде үй-бүлө сакталарын баарыбыз эле жакшы билебиз. Бирок иш жүзүнө келгенде ал нерсени аткарбайбыз. Албетте, зомбулук – бул жаман нерсе. Бирок, жашоодо ар кандай болуп калат экен. Аялзаты — бизге аманат. Ошондуктан, колдон келишинче, сыйлаганга аракет кылалы. Бул эми психология маселеси. Адам бири-бирин түшүнө билсе, сыйлай билсе ортодо эч кандай пикир келишпестик болбойт. Аялзаттын баркын түшүнүш үчүн өз кызын ойлош керек.
-Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Үй-бүлөңүз менен аман-эсен болуңуз.

Copyright © 2017 Maral FM