Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Арипов өкмөт башчылыкка кайрадан көрсөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 543 | 1

Өзбекстанда премьер-министрлик кызматка Абдулла Ариповдун талапкерлиги сунушталды. Анын талапкерлигин карап чыгуу президентке жөнөтүлдү.

Бүгүн Ташкентте Ишкер адамдар жана ишкерлер кыймылынын либералдык-демократиялык партиясынын (УзЛиДеП) чогулушу болду. Белгилеп өтсөк, бул партия, 22-декабрда өткөн шайлоодо эң көп добуш алган. Өзбекстандын мыйзамы боюнча, Олий Мажилисте көп орунга ээ болгон партия өкмөт башчыны сунуштайт. Ага ылайык, бүгүн партия учурдагы премьер-министр Абдулла Ариповду өкмөт башчылыкка кайрадан көрсөттү.

Кошумчалай кетсек, 2016-жылдын 12-декабрында башкаруучу партия тарабынан Ариповдун талапкерлиги сунушталып, кабыл алынган соң, 14-декабрдан тарта премьер-министрлик кызматты аркалап келет.

Copyright © 2017 Maral FM