Биз менен байланышыңыз

Президентти коштогон маданият кызматкерлери Орусияда 2 күн концерт коёт

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 1016 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Москва шаарында Кыргызстан-Орусия кайчылаш жылына карата уюштурулган иш-чаралардын расмий ачылышы өтөт. Ага эки өлкөнүн президенттери катышары күтүлүүдө. Ал үчүн Кыргызстандан 200 маданият кызматкери Орусияга барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, Москвага Бишкек шаарынын эл аспаптар оркестри, фольклордук топтор, солисттер жана драмалык артисттер да барышат. Учак билеттерин Маданият министрлиги каржылайт. Ал эми Орусиядагы чыгымдарды орус өкмөтү көтөрөт.

Маарекенин алкагында Орусияда жүргөн мекендештерге 18-19-февраль күндөрү концерт тартууланат.

Кайчылаш жылдын алкагында каралган иш-чаралардын 70%ы маданий гуманитардык мүнөздөгү иш-чаралар болуп саналат.

Күзүндө иш-чаранын жабылыш аземи Кыргызстанда өтөт, ага эки өлкөнүн Өкмөт башчылары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM