Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Өзүм жөнүндө жазылган комментарийлерди окубайм

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 854 | 0

Депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарда өзү тууралуу жазылган пикирлерди окубайт. Бул тууралуу ал өзү “Маралга” берген маегинде билдирди.

-«Эгер жумушту жакшы алып барам, жүрөк оорулуу болбоюн десең, комментарийлерди окуба, кызыгып да көрбө!» деп мурдагы саясатчылар айткан. Ошол акылды кабыл алганмын. Өзүмдүн кандай депутат экенимди шайлоочуларга жолугушууга барганда мени кабыл алуусунан улам билем.  

Эскерте кетсек, Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында айрым сөздөрдү туура айта албаганы үчүн социалдык тармакта сынга кабылган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM