Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Боронов: Ичүүчү таза суу — жарандарыбыздын саламаттыгы

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 419 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн өлкө калкын ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында аткарылган иштер жөнүндө жыйын курду. Өз сөзүндө ал ичүүчү таза суу бул биринчи кезекте жарандарыбыздын, анын ичинде балдарыбыздын саламаттыгы экенин белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Боронов белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп бекеринен жарыяланган жок.

Буга байланыштуу учурда аймактардагы 653 айылдын таза суу маселесин чечүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Суунун жетишсиздиги айлана чөйрөгө, адамдарга өзүнүн кедергисин тийгизип, ошондой эле ичүүчү таза сууга болгон муктаждыкты жаратып, көйгөйдү ыкчам чечүү керектигин айтып турат. Ушул максатта республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле донорлор аркылуу инвестицияларды тартуу боюнча тийиштүү жумуштар аткарылууда. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын» аткаруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди, — деп белгиледи ал.

Кубатбек Боронов белгилегендей, айылдарды суу менен камсыздоо жана ирригациялык маселелерди жөнгө салуу максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү карап чыгуу маанилүү болуп саналат.

Жыйынтыгында Боронов айылдарды таза суу менен камсыздоо маселесин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей аткарууну тапшырды.

Мындан тышкары тийиштүү органдарга Улуттук илимдер академиясы, Улуттук стратегиялык изилдөө институту жана коомдук уюмдар менен биргеликте суу ресурстарын сактоо жана пайдалануу боюнча стратегия иштеп чыгуу сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM