Биз менен байланышыңыз

Францияда 187 миң адам көтөрүлүшкө чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 524 | 0

Францияда 187 миң адам пенсиондук реформага каршы нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн ИИМине шилтеме жасап жазып чыкты.

Париждин өзүндө эле нааразычылыкка 23 миң көтөрүлүшчү чыкканы айтылууда.

Ал эми француз профсоюзу 250 миң демонстрант митингге чыкканын айтып чыкты. Алар бийлик реформага жеңилдик киргизгенине, көтөрүлүшкө чыккандардын саны мурдагыга салыштырмалуу азайганына карабастан өз талаптарынан баш тартпай жатышат.

Буга чейин премьер-министр Эдуар Филипп, реформа долбоорунан пенсияга чыгуу жашын жогорулатуу пунктун убактылуу алып салууга даяр экенин билдирген.


Макрон президенттик пенсиядан баш тартты


Францияда Макрондун пенсия реформасына каршы нааразычылыктар декабрдын башынан бери уланып келет.

Массалык иш таштоо акциясы өкмөттүн 42 өзгөчө пенсиондук режимин жоюу планына каршы болуп жатат. Учурда бир катар тармактын кызматкерлери, анын ичинде темир жолчулар, энергетиктер, юристтер пенсияга эрте чыгып, жакшы пенсия алышат. Франциянын өкмөтү өлкөнүн пенсиялык системасын каржылоодо миллиарддаган дефицит болот деп чочулап, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө киришкен. Аны менен катар, пенсияга чыгуу курагын 62 жаштан 64 жашка чейин узартуу сунушталган.

Көптөгөн француздар президенттин реформасын өзүнүн жашоо образына каршы келген коркунуч катары кабыл алып, нааразычылык акциясына чыгышты. Алар бул кадам миллиондогон адамдарды картайганда да иштөөгө, же кыскартылган пенсияга көнүүгө мажбурлаарын айтып жатышат.

Эске салсак, 1995-жылы да Францияда жарандар пенсия реформасына каршы  үч жума бою иш таштап, өкмөт өз чечимин өзгөртүүгө мажбур болгон эле.

Copyright © 2017 Maral FM