Биз менен байланышыңыз

Макрон президенттик пенсиядан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 636 | 0

Франция президенти Эммануэль Макрон кызматтан кеткенде төлөнүүчү президенттик пенсиядан баш тартты. Бул тууралуу француз басылмалары жазды.

21-декабрда 42 жашка толгон Макрон Францияда пенсия реформасына каршы өтүп жаткан нааразычылыктарга утурлай президент катары кызматтан кеткен соң ага берилүүчү президенттик пенсиядан баш тартты.

«Ал президенттик мөөнөтү аяктаган соң берилүүчү пенсияны албайт, себеби, бул тармактагы мыйзам стандартка түшүшү керек. Биз башчылар өрнөк болгон заманда жашап жатабыз»,- деп айтылат президенттик аппараттын маалыматында.

1955-жылдагы мыйзамга ылайык, Францияда экс-президенттерге айына 6220 евро (480 миң сом) өлчөмүндө каражат төлөнөт.

Ошондой эле, Макрон келечекте Франция конституциялык кеңешине катышпай турганын билдирди. Өлкөнүн экс-президенти аталган кеңешке катышкандыгы үчүн айына 13,5 миң евро (1млн 45миң сом) алып турат.

Францияда Макрондун пенсия реформасына каршы нааразычылыктар декабрдын башынан бери уланып келет.

Массалык иш таштоо акциясы өкмөттүн 42 өзгөчө пенсиондук режимин жоюу планына каршы болуп жатат. Учурда бир катар тармактын кызматкерлери, анын ичинде темир жолчулар, энергетиктер, юристтер пенсияга эрте чыгып, жакшы пенсия алышат. Франциянын өкмөтү өлкөнүн пенсиялык системасын каржылоодо миллиарддаган дефицит болот деп чочулап, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө киришкен. Аны менен катар, пенсияга чыгуу курагын 62 жаштан 64 жашка чейин узартуу сунушталган.

Көптөгөн француздар президенттин реформасын өзүнүн жашоо образына каршы келген коркунуч катары кабыл алып, нааразычылык акциясына чыгышты. Алар бул кадам миллиондогон адамдарды картайганда да иштөөгө, же кыскартылган пенсияга көнүүгө мажбурлаарын айтып жатышат.

Эске салсак, 1995-жылы да Францияда жарандар пенсия реформасына каршы  үч жума бою иш таштап, өкмөт өз чечимин өзгөртүүгө мажбур болгон эле.

Copyright © 2017 Maral FM