Биз менен байланышыңыз

“Чек ара” коому бийликке талаптарды койду, аткарылбаса акциялар уланат

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 910 | 0

Бүгүн, 15-январда Бишкекте Ак үйдүн алдында чек ара жана тажик-кыргыз чырына байланыштуу камакка алынгандар боюнча элдик жыйын бийликке бир катар талаптарды койду.

Бул тууралуу “Чек ара” коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев “Маралга” билдирди. Жыйында эң оболу чагымчылдыкка шектелип кармалган Көк-Таш айылынын 4 тургунун тез арада бошотуу талабы коюлду. Талаптар аткарылбаса, нааразычылык акциялар улантыла берерин коомдук бирикменин башчысы кошумчалады.

Жыйындын соңунда 6 талап коюлган.

Алар:

— Чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды президенттин кабыл алуусу;

— Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт тургунду тез арада бошотуу;

— Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундарды түзүү;

— Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, санын көбөйтүү;

— Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматынан бошотуу;

Коомдук бирикменин төрагасы Бөрүбаев вице-премьер Жеңиш Разаков өзүнө тагылган милдеттерди аткара албаганы үчүн бошотулушу керек деп эсептейт.

Эскерте кетели, Баткендин Көк-Таш айылынын 4 тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери менен шектелип 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алган.

14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү болуп, алты маселе камтылган протоколго кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM