Жогорку Кеңештин парламент жыйынында бир катар депутаттар, үй-бүлөлүк зордук зомбулукка кабылган аялдардын маселесин көтөрүп, ИИМдин азыркы ишине сын айтышты. Алар үй-бүлөдөгү чыр ичкиликтен чыгып жатканын, ошондой эле ИИМ бул багытта көрүнүктүү иштерди аткарбай жатканын айтышты. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу айтылды. Аялдардын зомбулукка кабылышынын себептери жана буга кандай чара көрүлүшү керек деген суроонун алкагында бир катар пикирлерди назарыңыздарга сунабыз.
Жыл башынан бери эки аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза табышкан. Ал эми Ысык-Көлдө күйөөсү аялын өрттөп жиберген факты катталды. Учурда денеси күйгөн аял ооруканада дарыланууда. Күн алыс болгон мындай үрөй учурган окуялар, коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат.
Ал эми былтыр «үй-бүлөлүк зордук боюнча» 8159 арыз катталган. Алардын ичинен 554ү сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш кыскартылган, башкача айтканда кайра арыз жазып кайтартып алышкан. Бүгүнкү күндө 560 иш өндүрүштө тергелип жаткандыгын ИИМдин орун басары Памир Асанов парламент жыйынында маалымат берди:
—2019-жылы 75 –берене «үй-бүлөлүк зордук боюнча» 8159 арыз катталган. Анын ичинен 554ү сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш кыскартылган, башкача айтканда кайра арыз жазып кайтартып алышкан. Бүгүнкү күндө 560 иш өндүрүштө тергелип жатат. Ордерди бузгандыгы үчүн 7 кылмыш иши козголду. Бул көбүнчө үй-бүлөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен чыккан жаңжалдан улам, чоң көйгөйгө айланып баратат.
Бир катар депутаттар ички иштер министрлигинин ишине сын айтышты. Өзгөчө аялдардын зомбулука кабылуусунун себептери жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз болду. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева аял бардык нерсеге чыдашы керек деген стереотип калыптанып калгандыктан, алдын алууда чара көрүлбөйт. Акырында зордук-зомбулук кайталанып, өлүмгө чейин барып жатканы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
— Акыркы окуялар көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү талаштуу жагдайлар жаап-жашырылгандыктан күчөп, аягы өлүм менен аяктоодо. Аялдар чыдаш керек деген ой калыптанып калган. Кордук көргөн аялдар арыз да жазышпайт. Мунун алды алынбагандыктан аягы трагедия менен аяктап жатат.
Милиция кызматкерлери чыр-чатакты жеринде көзөмөлгө алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин жана алардын жашоо-тиричилигин текшерүү керек деп Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев да агынан жарылып:
—Үй-бүлөдө чыккан чырдан, аялдар жабыркап жатат. Ошондуктан, аймактардагы милиция кызматкерлери ар бир үй-бүлөнүн жашоо-турмушун көзөмөлгө алуусу керек. Үй-бүлөдөгү чыр эмнеден улам пайда болот? Буга ким күнөөлүү болуп жатат? Облус, райондорго тапшырымаларды берип, маалыматтарды жеткирүү керек, — деди.
Үй-бүлөдө эркектердин аялдарга карата мамилесин оңдоо үчүн коомдук аң-сезимди өзгөртүү керектигин «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова баса белгилеп, мыйзамдар кабыл алынганы менен, иштөө механизми жок эсептейт:
-Коомдук аң-сезимди оңдоо керек. Аны мектеп курактан баштоо керек, коомдо болуп жаткан окуялардын түздөн-түз өсүп келе жаткан муунга таасири тийип жатат. Мына аз убакыттын ичинде 4 аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Буга карата мыйзамдар кабыл алынганы менен, иштөө механизми жок болсо, биз алдын ала албайбыз. Бул нерсе дагы да кайталана берет. Жеке жана мамлекеттик уюмдар бир катар иш-чараларды өткөрдүк. Түшүндүрүү иштерин, семинар өткөрдүк деген менен, дагы деле коомчулукка жеткире албай жатабыз. Алгач зомбулуктун негизги себептерин аныктап алуу керек.
Көбүнчө маалыматтын аздыгынан жана аймактарда психологдордун жетишсиздигин айткан психолог үй-бүлө зомбулугунун пайда болушуна бир катар факторлор себеп болуп жатканын Перизат Асылбаева билдирип, үй-бүлөдөгү маселелерди зомбулуксуз чечүүнүн жолдорун түшүндүрүү керек экендигин белгиледи:
-Зомбулуктун бир канча факторлору бар экендиги дүйнөлүк практикада далилденген. Экономикалык, социалдык маселелерден улам же ишенимдин жоктугунан ачуусун аялынан чыгарат. Үй-бүлөдөгү урушту көргөн бала да, кийин өзүнүн көргөнүн жашосунда кайталашы мүмкүн. Ошондуктан, бул өтө орчундуу маселе, үйдөгү жаңжалдын себептеринин алдын алуу боюнча түшүнүктөрдү коомчулукка жеткирүү керек. Өзгөчө аймактарда психологдор жетишсиз, алар маалыматтардан кабарсыз калып жатат.
Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын жана Баткен облустарында күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза болгон келиндердин окуясынан кийин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жазаны күчөтүп, жаңы мыйзамдарды токуу керек экениндигин айткан.
1 пикир