Биз менен байланышыңыз

БШК: Камчыбек Жолдошбаев шайлоодон четтетилди

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 1866 | 1

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы №26 Ленин округунан депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевди талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кечээ Жолдошбаевдин ишенимдүү адамы шайлоочуларга акча таратып жаткан учурда колго түшүргөн.

Бишкек: Талапкердин ишенимдүү адамы кармалды (видео)

Ошондой эле БШКнын жыйынында Жолдошбаевдин ишенимдүү адамы Муктар Сыдыковдун жээни Жылдыскан Сыдыкова тууганына каршы көрсөтмө берип, чындап эле ар бир добуш үчүн миң сомдон сунуштаганын айткан. Белгилей кетсек, ал Камчыбек Жолдошбаевдин штабында үгүтчү катары катталган.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур. Башкортостан

    19.11.2021 06:59

    Ушул олигархты текшерген киши барбы, бир уялтып кустуруп кою керек. Акчасы кобойуп элди, товар катары коруп сатып ала баштаптыр.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM