Биз менен байланышыңыз

Момбеков Жолдошбаевге: Кошоматчылыкты токтотуңуз! (видео)

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 658 | 0

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн жаңы курамы каралып жатканда депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбеков айтыша кетти.

Жолдошбаев өкмөттүн курамына берилчү суроо-жоопту саат 13.00гө чейин бүтүрүүнү сунуштап: —Депутаттар мага келип «ушуну айтып коюңузчу» деп суранды. Карала турган мыйзам долбоорлору толтура, — деди Жолдошбаев.

Андан соң Момбеков чыгып, кайсы депутат андан суранып жатканын айтууну талап кылды.

Кышында «балдар үшүп жатат кетели» деп Жогорку Кеңешти бир жолу уят кылдыңыз. Эми эмне балдарыңыз ысып атабы? Мактагандар сүйлөсө, сындай тургандарга да сөз бергиле да. Абылгазиевди кошомат кылып жүрүп кетирдиңер го. Токтотууну сизден ким суранып жатат? Алардын өз оозу бар, өздөрү айтсын, сизден суранган жок. Токтотуңуз, кошомат кылганды! Картайганда калыс сөзүңүздү айтпай, алыс сөзүңүздү айтасыз, — деди Момбеков.

Төрага Дастан Жумабеков эл өкүлдөрүн сабырдуу болууга чакырып: «Этият болуңуздар», —  деди.

Натыйжада, спикер сунушту добушка коюп, 51 депутат макул, алтоо каршы добуш берди. Ага ылайык, өкмөттүн жаңы курамына саат 13.00гө чейин гана суроо берилмей болду.

Copyright © 2017 Maral FM