Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Талапкердин ишенимдүү адамы кармалды (видео)

Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 1009 | 0

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы С.М.О. аттуу жаран добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Ал шайлоочуларга акча таратып жаткан учурда колго түшкөн.

Атайын кызмат бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочуларды сатып алуу) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирди.

Талапкердин жакын тууганы болгон С.М.О. Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акча берип сатып алууга көндүргөнү аныкталды.

УКМКнын билдирүүсүнө караганда, ал жарандын добуш сатып алуусуна байланыштуу төгүндөлгүс фактылар табылган. Ошондой эле өзүн жана унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизме менен ири суммадагы акча табылган. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК шайлоо мыйзамдары бузулган учурда катуу чаралар көрүлөрүн эскертет. Атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 62-05-85 (Бишкек ш), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:

  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

Copyright © 2017 Maral FM