Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык мугалимдер эл аралык сынактан байгелүү кайтышты

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 585 | 0

Математика, физика жана информатика боюнча мугалимдердин жана олимпиадалык резервдин машыктыруучуларынын II Эл аралык IMPACT Olympiad ачык чыгармачылык конкурсунда кыргызстандык мугалимдер алтын, күмүш жана коло медаль утушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сынак 8-январдан 12-январга чейин Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Конкурска КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты. Төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстандын командасынан экөө байгелүү орундарды алышты.

Бишкектеги Ч.Айтматов лицейинин информатика мугалими Кылычбек Ураимов биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль утуп алды. Ушул эле мектептин математика мугалими Азамат Аскаров коло медалды камсыздады.

Мындан сырткары Бишкектеги Келечек MIT мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан күмүш медаль жеңди.

Мугалимдердин жана машыктыруучулардын бул IMPACT Olympiad чыгармачылык конкурсу 2019-жылдын январь айынан бери уюштурулуп келе жатат. Конкурстун негизги максаты – таланттуу, кесипкөй көндүмдөрүн оптималдуу түрдө көрсөтмөлүү колдоно билген чыгармачылык менен иштеген мугалимдер менен машыктыруучуларды табуу, колдоо жана сыйлоо болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM