Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: ”Ак-Тилек-автожол” өткөрмө жайында унаа тыгыны жок

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 535 | 0

Казакстан менен чек арадагы өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Унаа тыгындары жок. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Саат 16:30да “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстанга багыт алган 10 унаа калган.

Чек арадан өтүүнү көзөмөлдөөдө кыргыз тараптан жүк ташууларга карата чектөөлөр жок.

Чек арачылар чек арадан өтүү укугу, унаалардагы тыюу салынган наркотикалык каражаттар, курал-жарактар жана жардыргыч заттар текшерүүгө алынат.

Жүк ташуучу  унааларга кошумча текшерүү Казакстандын киреше боюнча комитети тарабынан жүргүзүлүп жатканын Чек ара кызматы кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM