Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Казакстандын чегинде жаңы көпүрө курулат

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 610 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ак-Тилек  автожолу» жана «Карасу автожолу» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Кыргыз өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы келишимге 2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган.

Көпүрөлөр бир эле мезгилде ар бир тараптын өзүнүн аймагында паритеттик негизде курулат, аларды тараптар өз бөлүгүндө пайдаланат. Көпүрөнү куруунун болжолдуу наркы 87 млн сомду түзөт.

Жаңы көпүрөнү куруу мезгилинде унаа каражаттарынын өтүшү убактылуу токтотулат. Кыймыл «Ак-Жол»  автожолу, «Кен-Булуң  автожолу» жана «Токмок  автожолу» өткөрмө жайларынан жүргүзүлөт.

Жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо аяктагандан кийин алар бирдей үлүштө эки өлкөнүн менчигине өткөрүлүп берилет.

Copyright © 2017 Maral FM