Биз менен байланышыңыз

Көк-Таштын чагымчылдыкка шектелген 4 тургунун сот 1 айга камакка алды

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 2155 | 1

11-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну 1 айга камакка алынды.

Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кечээ чыгарганын Баткен милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова “Маралга” бүгүн кабарлады.

11-январда Баткен облустук милиция кызматкерлери Көк-Таштын 4 тургунун кармаган. Милиция алардын чек арада кыргыз-тажик элдеринин ортосунда чагымчылдык кылууга шектелгенин айтууда.

Кечээ, 13-январда аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкектин борборунда нааразычылык акциялары өткөн.

1 пикир

1 пикир

  1. Баткенчи

    14.01.2020 23:10

    Бээбаш болуп бүттүк, бизде демократия эмес акмакратия болуп кетти!Күнөөлү болсо камалсын,ушулардын айынан күнөөсү жок жарандардын мүлкү талкаланып согуш чыгып кетпесин деп ойлонбойт экен булар, политикага айландырып жиберишти чек араны элдер

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM