Биз менен байланышыңыз

Монголиянын Франциядагы элчиси жемкордукка айыпталып кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 475 | 0

Монголиянын Франциядагы элчиси А.Баттөр кызмат учурунда акча өндүрүүгө аракет кылууга айыпталып, 13-январда Улан-Батордо кармалды.

Анын ишин жемкордукка каршы кызматтын тергөө бөлүмү кароодо.

Буга чейин, Баттөр коргоо минстринин орун басары жана президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Андан соң Монголиянын Франциядагы элчиси болуп дайындалган.

2019-жылдын декабрь айында ал Франциядан жүзүм багы бар заңгыраган үй сатып алган соң, андан шектенүүлөр башталган. Баттөр үйдү консулдук кызмат жана виза иштеринин эсебинен сатып алганы айтылган.

А.Баттөр Улан-Баторго элчилердин чогулушуна келгенде, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынат.

Монгол басылмалары жазгандай, элчи чет жерлерде акчаны адалдаганы жана тергөө ишине кийлигишүүгө аракет кылганы үчүн айыпталып камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM