Биз менен байланышыңыз

Артыкхожаев кайрадан Ташкенттин мэри болду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 417 | 0

Өзбекстандын борбору Ташкентте шаардык кеңештин жаңы курамы алгачкы сессиясын өткөрдү. Анда учурдагы мэр Жахонгир Артыкхожаев кайрадан калаа башчысы кызматына бекитилди. Маалыматка ылайык, анын талапкерлигин өлкө президенти Шавкат Мирзиёев көрсөткөн.

«Буга чейинки кызмат учурундагы катачылыктар тажрыйбамдын жетишсиздигинен улам болду»,- дейт калаа башчысы.

Ташкенттин мэри 2019-жылы ноябрда Kun.uz сайтынын журналисттери менен жаңжалдашкандан кийин өлкө башчынын сынына кабылган. Ага чейин социалдык тармактарда Артыкхожаевдин журналисттерди коркутуп, кемсинткени жазылган аудио тарап кеткен.

45 жаштагы Жахонгир Артыкхожаев алгачкы жолу Ташкенттин мэри кызматына 2018-жылы декабрда бекитилген. Ага чейин сегиз ай мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Убагында «Артель инжиниринг» компаниясы менен Tashkent City мамлекеттик ишканасын жетектеген Артыкхожаев Akfa компаниялар тобунун түптөөчүсү болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM