Биз менен байланышыңыз

Пара алууга шектелген Бахтияр Төлөнов ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 671 | 0

Пара алууга шектелип кармалган Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөнов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда күч органдарына таянып, бир катар маалымат кызматы жазып чыкты. Алдын ала маалымат боюнча анын жүрөгү кармаганы айтылууда.

Бахтияр Төлөнов  9-январда борбордогу кафелердин биринде 800 доллар пара алууга шектелип кармалган. Аны Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери колго түшүргөн.

Сот анын баш коргоо чарасын 9-январда карап, 2020-жылдын 9-мартына чейин №1 тергөө жайына камоо чечимин чыгарган.

Бахтияр Төлөнов Жогорку Кеңештин «Кыргызстан” фракциясынан депутаты Данияр Төлөновдун бир тууган иниси экени айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM