Биз менен байланышыңыз

Самат Эркинбеков: «Жора & Гуля» тасмасы өзүн актады

Бир кезде «Тамашоу» лигасында ойноп, кийин актер, режиссёр болууга жетишкен, заманыбыздын дагы бир таланттуу жигити Самат Эркинбеков менен маек курдук.

— Саламатсызбы Самат мырза!

Саламатсыздарбы, көптөн бери эфирге келбей сагынып калыптырмын.

— Кандай гастролдоп келдиңиздер?

-Россиянын жети шаарына барып, “Жора & Гуля” тасмабызды элдин сынына коюп, тартуулап келдик. Кинобузга жакшы пикирлерин айтып, чогуу сүрөткө түшүп, гастролду мыкты деңгээлде жыйынтыктап алдык.

— Тасманы эл кандай кабыл алды?

-Абдан күтүп жатышкан экен. Борборубузга бет ачарын кылган соң, эртеси Москва шаарына бардык. Көрсөтүүбүз аншлаг менен өттү. Жети шаардан тең патриот мекендештер тосуп алышты. Ушул гастролдо кыргыз киносунун өнүгүп жатканын билип келдик. Эми башка кино жаратуучуларга дагы жол ачылып, эмгектерин чет жерге көргөзүп келишүүдө.

— Апалар тууралуу алгачкы шаңдуу ыр чыгардыңыздар. Жаралуу тарыхына токтоло кетиңиздерчи?

-Негизи, 1993-жылы жазылган ыр экен.Консерваторияда музыка мугалими Максат Сулайманкулов армиядан апасына кат жазган бала тууралуу жазган чыгарма экен. Агайдан ырын сурап, замандын талабына ылайык сөздөрүн бир аз өзгөртүп, жаңыртып ырдап чыктык. Клиптин идеясы “Ак-Өргө” продакшнга таандык. Бул топто он беш бала иштейбиз. Клип баштан-аяк үзүлбөгөн кадр менен тартылды. Апалар тууралуу ырлардын бардыгы кайгылуу экен. Биз болсо бала апасы менен бийлей турган шаңдуу ыр кылып, клибин дагы өзгөчө тартканга аракет кылдык.

— “Ак-Өргө” продакшн тууралуу айтсаңыз…

-Топтун жетекчилери Кубаныч Курманбеков, Аскенов Рүстөм жана мен. Бизден башка жаңы чыгып келе жаткан балдар бар. Буюрса, алдыда пландарыбыз абдан көп. Телеберүүлөр, youtube, инстаграм менен чоң долбоорлорду ачайын деп турабыз.

— Кинолор өзүн-өзү актайбы?

-Буга чейин ар кандай болду. Кино жаатында жүргөнүбүзгө 8 жыл болуп калган экен. Артка тарткан, ийгилик алып келген кинолор болду. Акырындык менен тажрыйба топтолот экен. Чыгармачылыкта акыркы эмгектерибиз — “Жер тоголок” жана “Жора & Гуля” аттуу тасмаларыбыз абдан жемиштүү болду.

— Каражат жагын кандай чечип жатасыздар? Реклама менен тартасыздарбы?

-Ушул жери кыйын. Бирок каражат жок деп отура бербейбиз. Тартып баштай беребиз. Чыгармачылыкты баалагандар өздөрү эле жардам беришет. Демөөрчүлөрүбүз бар.

— Сиздин номер биричи кеңешчиңиз ким болду экен?

-Кеңешчилерим абдан көп. Бир туугандарым, досторум, келинчегим ар дайым кеңешин берип турушат. Бардыгынын оюн угам, өзүмдүкүн кошуп туруп иш жасайм.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?

-Төрт бир тууганбыз. Медиктердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Өзүм да кесибим боюнча медикмин, стоматология факультетин аяктагам. Бирок, азыр кесибим боюнча иштебейм. Албетте, келинчегим бар.

— Эфирге келип маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Ишиңизди имерилип ийгиликтер коштоп жүрсүн!

-Сиздерге да чоң рахмат, «Марал» радиосун дайыма угам. Ишиңиздерге ийгилик!

 

Copyright © 2017 Maral FM