Биз менен байланышыңыз

№7 жана №8 троллейбустар кайрадан «Ак-Өргө» конушуна каттайт

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 199 | 0

10-октябрдан баштап №7 жана №8 троллейбустук каттамдар мурдагы схема боюнча каттайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ашар көчөсүндөгү оңдоо иштеринин бүткөндүгүнө байланыштуу троллейбусттук каттамдар «Ак-Өргө» конушуна чейин каттай баштайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Өмүракунов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Ашарга чейинки оңдоо иштерине байланыштуу эки троллейбустун каттамынын кыймылы убактылуу өзгөртүлгөн.

Эми №7 троллейбус маршруту мурда түзүлгөн график боюнча Туңгуч кичи районунан «Ак-Өргө» конушуна чейин, 17 троллейбус линияда 8-10 мүнөттүк аралыкта жүрөт;

№8 троллейбустук каттам Чыгыш автобекетинен «Ак-Өргө» конушуна чейин каттайт, 13 троллейбус 9-10 мүнөт аралык менен линияга кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM