Биз менен байланышыңыз

Көк-Таштагы кырдаалды милиция көзөмөлүнө алды

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 706 | 0

Ок атышуу болгон Баткен районунун Көк-Таш айылында абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Учурда Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев окуя болгон жерге келген. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Чек арадагы абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте эки тарапта тең түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү жана чек ара кызматтары менен биргеликте чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо максатында кайгуул иш чараларын күчөтүүнү милиция колго алды, — деп айтылат билдирүүдө.

Эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестик жана улуттар аралык чатактардын алдын алуу, аны болтурбоо максатында милиция кызматкерлерине профилактикалык иштерди күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлган.

Кыргыз-тажик чек арасына милиция кызматкерлери тарабынан биргелешкен күзөт күчөтүлгөн. Учурда абал тынч, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат. Баткен облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери бүгүнкү күндө элдин коопсуздугун сактоо жана ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө, — дейт облустук милиция.

Бүгүн 10-январга караган түнү Баткен районунун Көк-Таш айылында кошуна тажик айылынын эли тарабынан чагымчылык уюшулган. Кыргыз жарандарынын унаалары талкаланып, үйлөрү таш бараңга алынган. Муну менен чектелбестен тажик тарап түнкү саат 02ден таңкы сааттарга чейин маал-маалы менен мергенчилик куралдан ок аткан.

Мындан улам чектеш үйлөрдөгү 254 кыргыз жарандары: аялдар, жаш балдар коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM