Биз менен байланышыңыз

Делимитация, демаркация боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегациясы жолугушат

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 605 | 0

Ушул айда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топтору жолугушат. Бул боюнча өлкөнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен Көк-Таштагы ок атышуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүдө маалым болду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүдө тараптар Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө, ошондой эле кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо боюнча комплекстүү чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Вице-премьерлер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна 2020-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги жолугушууну өткөрүү тапшырмасын беришти.

Чек арага чектеш аймактардагы чыңалууну жоюу боюнча эки жакка бирдей болгон чараларды кабыл алуу маанилүү экенин айтышты. Ошондой эле тараптар окуяны ар тараптуу иликтөөнү биргеликте өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Жеңиш Разаков кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессине жалпы көзөмөл жүргүзөт.

Билдирүүдө эки тарап тең чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM