Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы учак кырсыгынын себеби айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 462 | 0

Өткөн жылдын 27-декабрында казакстандык Bek Air авикомпаниясына таандык учактын кулашына муздап калгандыгы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары Роман Скляр бүгүнкү брифингде билдирди.

Казакстанда 27-декабрда таңкы маалда Алматы – Нур-Султан багытындагы Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагы Алматы аэропортунан алысыраак жерге кулап түшкөн.

  • Кулаган лайнер бетон тосмо сүзүп өтүп, эки кабаттуу курулушка тийип токтогон. Бактыга жараша, кырсык учурунда имаратта эч ким болгон эмес.
  • Учактын бортунда жалпы 98 адам: 93 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон. Алардын көпчүлүгү казак жарандары болгон. Андан сырткары, 4 чет элдик жаран болгон: 1 кыргыз жараны, 1 кытай, 2 украин жараны.
  • Соңку маалыматка ылайык, кырсыктан улам 12 киши өлдү. 47 адам ооруканага жаткырылган, алардын бешөө — жаш балдар.
  • Кырсыктын себебин изилдөө үчүн керектүү каражаттар Москвага экспертизага жөнөтүлгөн.
  • Казакстанда Алматыдагы учак кырсыгынан каза болгондорго байланыштуу 28-декабрь —  аза күтүү күнү деп жарыяланды.
  • Bek Air авиакомпаниясы жумушун токтотту.
  • Казакстандын премьер-министринин орун басары Роман Скляр билдиргендей, «Боингдин» кырсыкка кабылышынын башкы себеби — учактын муздап калышы.

Copyright © 2017 Maral FM