Биз менен байланышыңыз

Президент БАЭнин Билим берүү министри менен жолугушту

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 562 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз ара пайдалуу бардык багыттар боюнча Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

БАЭнин делегациясы Сооронбай Жээнбековдун БАЭге болгон расмий визитинин алкагында жетишилген макулдашууларды толук иштеп чыгуу жана эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн келгенин өзгөчө белгиледи.

Ал аталган визиттин жыйынтыктары боюнча ар кандай багыттарда бир канча жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынганын, буга байланыштуу БАЭнин делегациясынын курамында жетекчилер жана бир катар ири компаниялардын өкүлдөрү келгенин кошумчалады.

Эртең, 10-январда, Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилери менен кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн жолугушуулар өтө турганын белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жана жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашырууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM