Биз менен байланышыңыз

Кара-Жыгачта адам өлүмүнө шектелген айдоочу кармалды

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 504 | 0

Чүйдүн Аламүдүн районунда унаа менен адамды уруп кетип, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну милиция колго түшүрдү.

Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, 5-январда таңкы саат 05те Кара-Жыгач айылында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеде бараткан 27 жаштагы жаранды автоунаа сүзүп кетип, анын өлүмүнө себепчи болгон. Айдоочу изин суутуп кетүүгө үлгүргөн.

Милиция айдоочунун өздүгүн тактап, анын Кара-Жыгач айылынын жашоочусу, 27 жаштагы С.Р. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ошондой эле, анын жол кырсыгы болгон учурда мас абалда экендиги да белгилүү болду.

Айдоочуну Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын инспекторлору колго түшүрүшкөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Шектүү Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа айып жайына коюлган, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM