Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын альтернативдик олимпиадасынын экинчи этабы 18-январда башталат

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 451 | 0

Мектеп окуучуларынын математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча альтернативдик олимпиадасынын экинчи этабы (тандоо туру) 18-январдан башталат.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Олимпиада химия, информатика предметтери боюнча — 18-19-январь, математика, физика — 25-26-январь жана биология предмети боюнча 1-2-февралда өтөт.

Ар бир предмет боюнча экинчи тандоо туру онлайн режиминде эки күн өтөт. Мында олимпиаданын биринчи турунан эң жогорку балл алган окуучулар катышат.

Биринчи күнү техникалык себептерден улам олимпиадага катыша албай калгандар экинчи күнү сынактан өтсө болот. Анда татаалдыгы бирдей, бирок башка тест берилет.

Ар бир предмет боюнча эң жогору балл алган 100дөн ашпаган окуучу үчүнчү турга жолдомо алат. Жыйынтыктоочу үчүнчү этап февраль айында оффлайн режиминде өтөт.

Белгилей кетсек, мектеп окуучулары үчүн альтернативдик олимпиаданын биринчи туруна 2918 окуучу катышып, экинчи этапка 1606 окуучу өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM