Биз менен байланышыңыз

Германиядан акысыз билим алып келүүгө сынак башталды

Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 12926 | 3

Германияда билим алуу үчүн өтө турган республикалык сынак расмий түрдө старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Аталган конкурс үч турдан турат. Биринчи турда кыргыз же орус тилдеринде дил баян жазылат. Экинчи турга өткөн талапкерлер жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү менен маектешүүгө чакырылат. Экинчи турда конкурска катышуучулардын диплом, грамота жана башка артыкчылыгын белгилей турган документтерди тапшыруусу кошумча балл алып келет.
Үчүнчү тур Бишкекте болуп, анда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана башка комиссиянын мүчөлөрү чечим чыгарышат. 
Үчүнчү турга өткөн кандидаттардын борборго келип-кетүү жол киреси каржыланат.

Республикалык сынактын биринчи туру төмөнкү даталарда өткөрүлөт:

  • Бишкек шаарында 19 -январда. Байланыш телефону: 📲0707144122.
  • Баткен облусу, Исфана шаарында 11-январда. Байланыш телефону: 📲0777607551.
  • Жалал-Абад шаарында 11-январда. Байланыш телефону:📲0775602020.
  • Ош шаарында 10-январда. Байланыш телефону:📲0704000705.
  • Каракол шаарында 18-январда. Байланыш телефону: 📲0708010100.
  • Нарын шаарында 18-январда. Байланыш телефону: 📲0707144122.
  • Талас шаарында 13-январда. Байланыш телефону: 📲‭(0707) 921-994‬.

Конкурстун максаты көп кыялданган, акылдуу, максатын так билген жана мыкты окуган жаштарга мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат. Өткөн кандидаттардын окуусун Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өзү каржылап берет. Аларга жарым жылга Германияга барып, тил курстарын окуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

3 пикир

3 пикир

  1. Иса

    08.01.2020 20:23

    Биз жаштар учун жаратылып жаткан мумкунчулук учун чон рахмат

  2. Бубуназира

    09.01.2020 23:37

    Сиздерге чоон рахмат бизге ушундай мумкунчулук тузуп бергениниздер учун.Бизге да буйруса экен ушул билим.

  3. Айзат

    19.01.2020 01:16

    Что за безобразие? Почему дедлайн не пишете? Хорошо, номер указан, я спросила с чем приходить на конкурс. Ответили так «id карту и 500сомов. Мы вас ждём. А сегодня говорят, что дедлайн 16го.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM